
Ош шаарынын мэри дагы бир үч эмге батир белек кылды. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.
Ош шаарындагы Эдельвейс дачасынын жолуна асфальт төшөлүп, пайдаланууга берүү учурунда аталган конуштун жашоочусу, жети балалуу баатыр эне Элмира Сулайманкулова үч эм балдары Асан, Үсөн, Батма менен шаар мэри Жеңишбек Токторбаевге жолугуп, буга чейин эки жолу эгиз балалуу, андан кийин үч эмдүү болгонун айткан.
Калаа башчысы эл алдында үч эмге шаардан батир белеке берүүнү убадалап, бүгүн убадасын аткарып, үч эмди жана эгиз балдарды, алардын ата-энесин кабыл алып, үч бөлмөлүү батирдин сертификатын тапшырды.