Кыргыз-орус Славян университетинен 12 студент чыгарылды

Ельцин атындагы кыргыз-орус Славян университетине студенттерди бюджеттик окууга мыйзамсыз кабыл алуу аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Тактап айтканда, университетке 2024-2025-окуу жылына кабыл алуу учурунда айрым студенттер сертификаты жок, ЖРТнын төмөнкү босого упайлары менен кабыл алынган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мекемелер аралык комиссиянын корутундусуна ылайык, кыргыз-орус Славян университетинде бюджеттик формада окуган 12 студент чыгарылды. Учурда университеттин жетекчилиги менен тыгыз кызматташтыкта аталган мыйзамсыз ишке тиешеси бар кызмат адамдары жана башка адамдар аныкталууда.