
Интернетке Бишкектеги Комсомол көлүнө чөгүп кеткен адам тартылган видео тарады. Сөөктүн жанында бир нече адам жана милиция кызматкерлери турушат.
Свердлов РИИБинин басма сөз кызматы билдиргендей, бул окуя кечээ 9-июль күнү болуп, саат 18:00дө чөгүп кеткен жаран тууралуу милицияга арыз менен кайрылышкан.
Каза болгон жаран 43 жаштагы К.М. Факты ИИМдин электрондук маалымат каттоо журналына катталып, керектүү экспертизалар дайындалган.