
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-июлда Тажикстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Душанбе шаарында Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Тараптар кыргыз-тажик өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелеринин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.
Премьер-министр Кохир Расулзода бүгүнкү сапар эки мамлекеттин ортосундагы мамилелердин оң динамикасын чагылдырарын баса белгиледи. Ал эки өлкөнүн лидерлеринин саясий эркинин аркасында кыргыз-тажик өз ара аракеттенүүсү жаңы деңгээлге чыкканын ырастады.
Тажикстандын премьер-министри өз ара түшүнүшүүнүн бекемделиши жана практикалык кызматташтыктын кеңейиши менен тараптар мамилелерди ырааттуу өнүктүрүүгө эки жактуу кызыкдарлык көрсөтүп жатканын белгиледи.
Кохир Расулзода президент Садыр Жапаровдун сапары кызматташтыкты, биринчи кезекте экономикалык чөйрөдө, ошондой эле инфраструктура, өнөр жай, айыл чарба жана башка багыттарда кеңейтүүгө олуттуу түрткү берерине ишеним билдирди.
Өз кезегинде президент Садыр Жапаров бул жыл кыргыз-тажик мамилелериндеги маанилүү учур экенин белгиледи. Кылдат чечилген маселелер, келишимдерди кагаз бетине түшүрүү, жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарлар – мунун баары мамлекет башчыларынын бекем саясий эркинин жана өкмөттөрдүн тынымсыз эмгегинин натыйжасы экени талашсыз.
Мамлекет башчысы сапардын жүрүшүндө кол коюлган документтер, ошондой эле өкмөттөрүбүздүн жүргүзүп жаткан иштери эки өлкөнүн жана элдин түбөлүк достугунун бекем пайдубалын түптөй турганын канааттануу менен белгиледи.
Буга байланыштуу президент бардык макулдашууларды жана коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн ыңгайлуу учур келгенин белгилеп, кыргыз-тажик мамилелерин сапаттык жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн күч-аракеттерди бириктирүү зарылдыгын айтты.
Соңунда президент Садыр Жапаров эки тараптуу мамилелердин ийгиликтүү өнүгүшүндө өкмөт башчыларынын иши чечүүчү факторлордун бири болуп саналарын эске алып, эки мамлекеттин премьер-министрлери да кыргыз-тажик алакаларынын гүлдөп-өсүшү үчүн максималдуу күч-аракет жумшаарына ишеним билдирди.