Кыргызстан менен Тажикстан президенттери тет-а-тет форматында жолугушту

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-июлда Тажикстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен тет-а-тет форматында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди

Тараптар эки жактуу өз ара аракеттенүүнүн кеңири чөйрөсү боюнча актуалдуу маселелерди, анын ичинде айрым райондордо социалдык инфраструктураны өнүктүрүү жана көп тараптуу аянтчаларда кызматташтыкты чыңдоо маселелерин талкуулашты. Чек ара аймактарынын тургундары үчүн кызыкчылык туудурган маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.

Президент Эмомали Рахмон президент Садыр Жапаровду жылуу тосуп алып, жолугушуунун өтүп жатканына канааттануу билдирди. Ал кыргыз-тажик мамилелери өнүгүү жолунда экенин белгилеп, мамлекеттик чек араны делимитациялоо процессинин ийгиликтүү аяктаганын жана аны демаркациялоо боюнча иштердин активдүү жүрүп жатканын баса көрсөттү.

Тажикстандын лидери эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштардын динамикалуу өнүгүшүн да белгиледи. Ал коопсуздук тармагында тыгыз кызматташуунун маанилүүлүгүнө токтолуп, кыргызстандык кесиптеши менен эки тараптуу өнөктөштүктүн учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле актуалдуу эл аралык жана регионалдык маселелерди талкуулоого даяр экенин билдирди.