
8-июлга караган түнү Чүйдөгү Ивановка айылында жеңил унаа менен скутер айдоочу сүзүшкөн жол кырсык катталган. Окуянын видеосу соцтармактарга тарады.
Маалыматка караганда, скутер айдоочунун колу-буту жулунуп кетип, окуя болгон жерде каза болгон. Милиция азырынча маалымат бере элек.