Бишкекте блогер кармалды

Милиция кызматкерине пара сунуштаган блогер кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

22-июнь күнү милицияга жаран арыз менен кайрылган, анда социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу, блогер телефонуна чалып, Бишкек шаарынын Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан «Даамдуу» коомдук тамактануу жайына журналисттик иликтөө жүргүзүп, бир катар санитардык нормаларды бузуу фактыларын аныктаганын билдирген ошону менен бирге мыйзам бузууларды коомчулукка жарыялабоо үчүн аны коркутуп 100 миң сом акча каражатын берүүнү талап кылган.

Шектүүнүн өздүгү аныкталып, 2000-жылы туулган жаран милицияга жеткирилген. Бирок шектүү маселени материалдык ыраазычылык менен чечүүнү сунуштап 100 миң сом акча каражатын берип жаткан жеринен кармалаган. Ал пара берүү жана пара талап кылууга шектелип жатат.