
Президент Садыр Жапаров Азербайжанга болгон иш сапарынын алкагында Агдам шаарындагы «Имарат» тарыхый-маданий борборунда өткөн карабах аргымактарынын «Жеңиш» деп аталган шоу-программасына катышты. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чара бүгүн, 4-июлда Ханкенди шаарында өтө турган Экономикалык кызматташтык уюмунун 17-саммитинин алкагында өттү.
Чакырылган ардактуу конокторго Азербайжандын бай маданий мурасын жана байыркы жылкычылык салттарын чагылдырган карабах аргымактарынын оюндары көрсөтүлдү.
Көрүүчүлөргө улуттук кийимчен атчандардын катышуусундагы көркөм шоу-программа тартууланып, алар ат минүүнүн классикалык жана элдик мектебинин элементтерин жана ат үстүндө ойнолуучу оюндарды көрсөтүштү.
Оюндардын алдында атчандар Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин тууларын салтанаттуу түрдө көтөрүп чыгышты.
Көрсөтүү азербайжандын салттуу музыкасы жана улуттук бийлери менен коштолду.