
2025-жылдын башынан бери Кыргызстанда 33 адам сууга чөгүп каза болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 21и жай мезгилинде сууга чөгүп, каза болгондор. Өткөн жылы ушул күнгө чейин 35 адам сууга чөккөн.
Тилекке каршы суудан ажал тапкандардын 35 пайы чоңдор, 15 пайызы 12 жашка чейинки балдар түзөт.
Кырсыктын негизги себеби — сууга түшүүгө тыюу салынган объекттер: каналдар, көлмөлөр, дарыялар, суу сактагычтарга түшүү, мас абалында суу жээгинде эс алуу, балдардын кароосуз калуусу жана башкалар.
«Министрлик жыл сайын өзгөчө кышы-жайкы мезгилде суудагы коопсуздук эрежелерин эскертип, профилактикалык иштерди жүргүзүп келет.Ага карабастан көптөгөн жарандар эскертүүлөргө көңүл бурбай келишет», — деп баса белгиледи басма сөз кызматы.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги дагы бир жолу коопсуздук чараларын сактоого жана өз өмүрүңүздү тобокелге салбоого чакырат.