Такыр-Төр көлүндөгү суунун деңгээли көтөрүлүп, 782 адам эвакуацияланды

1-июлга караган түнү саат 03:00дөр чамасында Ысык-Ата районунун Алмалуу айылындагы Такыр-Төр көлүнүн суунун деңгээли кайрадан көтөрүлүп, Алмалуу менен Горная Серафимовка айылдарынын ортосундагы жолду суу каптаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар Алмалуу айлынан 500 адамды, Кебек-Бий (Горная-Серафимовка) айылынан 240 адамды, Төмөнкү-Серафимовка айылында жайгашкан карылар үйүнөн 42 адамды коопсуз жайга эвакуациялашты.

Төмөнкү-Серафимовка айылында жайгашкан карылар үйүндөгү жарандар тез жардам унаасы менен эвакуацияланды. Эвакуация иштерине ӨКМден 21 кызматкер, 80 милиция кызматкери, 15 ыкчам унаасы жана 8 тез жардам унаасы, 7 кичи автобус жана жеке менчик жеңил унаалар тартылган.

Азыркы учурда абал турукташкандыгына байланыштуу эвакуация болгон жарандар өз үйлөрүнө кайтышууда.

Такыр-Төр көлү боюнча абал өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө.