Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Россияга барат

Президент Садыр Жапаров 2-июлда иш сапары менен Москва шаарына барат. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Садыр Жапаровдун жана президент Владимир Путиндин эки тараптуу жолугушуусу күтүлүүдө.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-россия кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык чөйрөлөрдөгү маселелерди талкуулашат.