Ноокатта мончо менен 35 сотик жер тилкеси муниципиалдык менчикке кайтарылды

Ноокат районундагы Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөттүн муниципиалдык менчигиндеги стадионго тиешелүү мончо жана 35 сотик жери мыйзамсыз менчиктештирилгени аныкталган. Бул тууралуу Мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

 Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 0,35 гектар жер тилкеси менен саунанын ээси мамлекеттин менчигине өткөн.