Кара-Балта шаарынын мэри коррупцияга шектелип кармалды

 Коррупция фактысы боюнча Кара-Балта шаарынын мэри жана мэриянын кызмат адамдары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан Кара-Балта шаарынын мэриясынын кызмат адамдарына автобустарды, атайын техникаларды жана башка буюмдарды алып келүү боюнча мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө коррупциялык фактылар аныкталып, кылмыш ишин козголгон.

Маалыматка ылайык, мэриянын кызмат адамдары материалдык пайда табуу максатында Кытайдан чыгарылган 17 автобусту жогорулатылган баада сатып алышкан.

Жүргүзүлгөн аудиттик текшерүү иштеринин натыйжасында автобустарды сатып алуудан мамлекеттик бюджетке 17 млн сомдон ашык зыян келтирилгендиги аныкталган.

Ошентип, 30-июнда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен Кара-Балта шаарынын мэри М.Ж. жана “Жол курулуш башкармалыгы” муниципалдык ишканасынын жетекчиси С.Ш. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мындан тышкары, Кара-Балта шаардык мэриясына мамлекет тарабынан бөлүнгөн 1 млрд сомдун алкагында аткарылган иштердин актыларын талдоо учурунда жолдун үстүн оңдоо иштерин жүргүзгөн аткаруучу иш-каналардын биринин жетекчиси мыйзамсыз түрдө интернет-блогерлерин жалдап, ар кандай чагымчыл видео тасмаларды таратуу менен УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан коррупциялык схемаларды жоюу иштерин каралоого аракет кылган.

Тиешелүү ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында айрым интернет-блогерлер тарабынан акчалай сыйлык алуу үчүн чагымчыл аракеттерди уюштуруу жана УКМК кызматкерлерине карата шантаж жасоо аракеттери катталган. Бишкек шаардык Октябрь райондук сотунун чечиминин негизинде “Плаза” аткаруучу ишканасынын жетекчиси М.М., блогерлер Ю.Н., Ж.Ж., Б.Т. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда атайын кызмат тарабынан Токмок жана Кара-Балта шаарларын өнүктүрүү үчүн ар бирине бөлүнгөн 1 млрд сомдук акча каражаттарын сарптоодо мыйзамдуулукту жана сарамжалдуулукту текшерүү боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.