Бүгүн Лев Толстой жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилиши жабылат

Бишкек шаарында жолду капиталдык оңдоо иштеринин алкагында, 1-июлдан 5-июлга чейин Лев Толстой жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинин батыш тарабы транспорттун кыймылы үчүн жабылат.

Бишкек шаарынын мэриясы жолдогу кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн алдын ала жүрүү маршруттарын пландаштырууну жана мүмкүн болушунча коомдук транспортту колдонууну суранат.