Жогорку Кеңештин төрагасы ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын жыйынына катышат

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын кезектеги жыйынына катышуу үчүн Португалияга жөнөп кетти. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапардын алкагында төрага аталган эл аралык иш-чарада баяндама жасап, аймактык жана глобалдык маселелерди чечүүдө парламенттик дипломатиянын ролун кеңейтүү боюнча сунуштары менен бөлүшөт.

Андан тышкары бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды да өткөрөрү күтүлүүдө.