УКМК төрагасынын жакын туугандарынын атын жамынып, унаа жана 50 миң доллар алган

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалганын билдирди.

Атайын кызмат тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык фактысы боюнча С.А.Б. аттуу Кыргызстандын жараны кармалды.

Такталгандай, С.А.Б. аттуу жаран УКМК төрагасынын уулу менен жакын мамиледе экенин жүйө келтирип, КР УКМК төрагасына кабыл алууга көмөк көрсөтөм деген шылтоо менен, ошондой эле Silk-Way индустриалдык паркынын аймагындагы бир нече соода түйүндөрүн сатып алуу боюнча маселелерди чечүүдө 50 миң доллар өлчөмүндөгү каражатты, анын ичинде 20 миң доллар түзгөн унааны өзүнө ыйгарып алган.

Ал 25-июнда козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, тергөө камак жайына киргизилди.