Таластагы “Манас Ордо” комплекси толук реконструкциядан өтөт

2025-жылдын 1-июлунан тартып Кыргыз улуттук “Манас Ордо” комплекси ири масштабдагы реконструкциядан өтөт. Бул долбоор мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттин каржылоосу менен ишке ашып, акыркы 30 жылдагы эң чоң жаңылануу болмокчу.

“Манас эпосу” музейинин директору Азамат Асеин уулунун айтымында, даярдык иштери 2024-жылдын август айында башталган. Бүгүнкү күндө долбоордук чиймелер аяктап, курулуш иштеринин биринчи этабы башталууда. Долбоордун жалпы наркы 514 млн сомду түзөт, ал республикалык бюджеттен жана жергиликтүү, районду өнүктүрүү фондунан түшөт. Бирок, так суммалар долбоор ишке ашкан сайын такталышы мүмкүн.

Бул долбоорду чиймелерин, архитектуралык эскиздерди иштеп чыгуу жана курулуш иштерин жүргүзүү боюнча тандалып алган “Арзы Групп” курулуш компаниясы Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги менен түзүлгөн келишимдин негизинде ишке ашырууда. Долбоорго кошумча жергиликтүү жана башка кичи курулуш уюмдардын тартылуусу күтүлөт.

“Реконструкциянын максаты — жөн гана имараттарды оңдоп-түзөө эмес, “Манас Ордо” комплексин Борбор Азиядагы уникалдуу маданий жана технологиялык борборго айлантуу”, — деди Азамат Асеин уулу маегинде.

Долбоордун алкагында аянты 450 чарчы метр музей имараты 1500 чарчы метрден ашык болуп кеңейтилет. 300 адамга ылайыкталган заманбап конгресс-холл, беш президенттик резиденция жана 1000 чарчы метрлик эки кабаттуу административдик имарат курулат. Мурда курулган объектилер — “Түлөө кана” жана “Мейман кана” — кайра жаңыланат.

Реконструкция учурунда негизинен Талас облусунун тургундары үчүн 200дөн ашык жумуш ордуларын түзүлөт.

Комплексти санариптештирүү. Жаңы музейде голограммалык залдар жана интерактивдүү экспозициялар болот. “Манас” эпосунун негизги окуялары жасалма интеллекттин жардамы менен жандандырылып көрсөтүлөт. Мындан тышкары, санарип музей жана атайын тематикалык “ленд-залдар” ачылат.

1995-жылы курулган эски музей имараты жана Манастын күмбөзү сакталат жана жаңыланат. Учурда археологиялык казуулар жүргүзүлүп, тарыхый жана маданий мурастарды сактоо боюнча ЮНЕСКОго документтер даярдалууда.

Белгилүү болгондой, келишимдин шарттарына ылайык, негизги иштер 11 айдын ичинде — 2025-жылдын июлунан 2026-жылдын июнуна чейин — аякташы күтүлүүдө. 2028-жылга чейин “Манас Ордо” комплексинде ири маданий иш-чаралар өткөрүлөт. Алардын ичинде Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгы, Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгы жана Герцендин 90 жылдыгы бар.

Андан тышкары, “Манастын руху” аттуу – салттуу мода көргөзмөсү, Манас эпосундагы кыргыз улуттук кийимдерди жандандыруу сыяктуу иш-чаралар пландалууда.

“Манас эпосу — бул кыргыз элинин каны, жаны менен бирге айланган улуттук философия, иделогия менен катар денгээлде турат. Ар бир кыргыз жараны Меккеге бараардын алдында “Мен Манас күмбөзүнө бардым беле? Биринчиден Манас күмбөзүнө келип андан кийин гана дүйнө кыдырайын” деген коз карашта болуусу, ойго тутуусу бар болгону зарыл. Ушул деңгээлге алып келүү үчүн биз жагдай түзөбүз”, – деп белгиледи Азамат Асеин уулу.

Ал ошондой эле бул реконструкциялоого долбоор аймак үчүн маданий гана эмес, экономикалык да түрткү болорун белгиледи. Жумуштар аяктагандан кийин комплекстин кирешеси учурдагы 2-3 миллион сомдон 15 млн сомго чейин өсүшү күтүлөт.

Реконструкциянын алкагында коопсуздук чаралары да каралган: заманбап сигнализация жана видеобайкоо системалары орнотулат. Музейдеги экспонаттар убактылуу башка жайга көчүрүлүп, толук коопсуздукта сакталат.