Уюшкан кылмыштуу топту каржылоого шектелип Барон кармалды

Уюшкан кылмыштуу топту каржылоого шектелип бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү делип Барон каймана аты бар Д.Л.К. жана анын жакындары Д. Р. Е., К.Я.К., Д.К.Ю. кармалган.

“Шектүүлөр баңгизатты Чүй облусунан Казакстан жана Россияга ташыган. Наркобизнестен алынган пайданы аталган үй-бүлө аң-терилерди сатуу, Германиядан жана АКШдан автоунааларды ташууга жамынып, жашырышкан”, — деп айтылат маалыматта.

Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.