
Садыр Жапаров Беларусияга жумушчу сапарынын алкагында Минск эл аралык көргөзмө борборун көрүүгө барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Форум башталар алдында иш-чарага келген делегация башчыларын Беларусь президенти Александр Лукашенко тосуп алды.
Андан соң форум делегация мүчөлөрүнүн катышуусунда кеңейтилген курамда уланмакчы, анда ЕАЭБ мамлекеттеринин лидерлери сөз сүйлөшөт.
Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин башчылары — Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян (видеоконференция форматында), Беларусь президенти Александр Лукашенко, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия президенти Владимир Путин жана Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев кызматташуунун келечектүү багыттарын жана мүчө-мамлекеттердин экономикасынын туруктуулугун жогорулатуу маселелерин талкуулашат.