
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 29-30-июнь күндөрү Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди.
Анын айтымында, Сергей Лавров мамлекет башчысы Садыр Жапаров менен жолугушат.
«29-30-июнь күндөрү Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы КР Тышкы иштер министринин чакыруусу менен бул өлкөгө расмий иш сапары менен Чолпон-Атага барат. Аны Кыргызстандын президенти кабыл алат, ошондой эле кесиптеши менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт», — деди Мария Захарова.
Визит «орус-кыргыз мамлекеттер аралык интенсивдүү диалогду, стратегиялык өнөктөштүк, союздаштык маанайдагы өз ара аракеттенүүнү улантууга жана тереңдетүүгө» багытталганы белгиленген.
«Саясий, соода-экономикалык, аскердик-техникалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда кызматташуу маселелери көп кырдуу орус-кыргыз байланыштарын мындан ары кеңейтүү контекстинде каралат», — деп билдирди Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү.
Ошондой эле «аймактык жана глобалдык күн тартибинин эң актуалдуу маселелери, евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн жолдору боюнча», «эл аралык аянттарда макулдашылган кадамдарды активдештирүү», анын ичинде Кыргызстандын Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) учурдагы төрагалыгынын контекстинде, ошондой эле Бишкекте 2025-жылы сентябрда боло турган Шанхай кызматташтык уюмга төрагалыгы боюнча пикир алмашуулар болот.
Борбордук Азиядагы аймактык коопсуздук маселелерине олуттуу көңүл бурулат. Анын ичинде эл аралык экстремисттик жана террористтик күчтөрдөн келип чыгуучу коркунучтарга жана аймакты сырттан туруксуздаштыруу аракеттерине каршы биргелешкен аракеттерди күчөтүү, деп кошумчалады Мария Захарова.
Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга иш сапары менен келгени маалымдалган.