Лейлекте 3,3 га жер тилкеси имараттары менен мамлекетке кайтарылды

Лейлек районунда мыйзамсыз менчиктештирилген 3,3 га жер тилкеси имараттары менен биргеликте мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Лейлек районунун прокуратурасы тарабынан Жаңы-Жер айыл аймагында жүргүзүлгөн текшерүүдө мурдагы автотрактордук ишканага таандык 3,3 га жер тилкеси мыйзамсыз менчиктештирилип кеткендиги аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде базар баасы 55 млн сомдон ашык болгон жер тилке 4 имараты менен биргеликте мамлекетке кайтарылды.