УКМК аялдын сабалганы боюнча интернетте тараган видеого ыкчам чара көрдү

 Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети социалдык тармактардагы аялга зомбулук көрсөтүп жатканын көрсөткөн видео тасма боюнча ыкчам чара көрдү.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында видео тасмада көрсөтүлгөн мыйзамсыз аракеттерди Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы полкунун кызматкери Р.О.Б. жасагандыгы аныкталган.

Н.к.Н. аттуу жарандын арызында 17-майда ГЭС-5 аймагында мас абалында Р.О.Б. аттуу жаран бетине чаап жибергендиги айтылган.

Аталган факты боюнча УКМК тарабынан кылмыш иши козголуп, ИИМдин Ички иликтөө кызматынын Бишкек шаары боюнча ички иликтөө бөлүмү менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында Р.О.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Мындан тышкары, ага карата 2024-жылдын июнь айында медициналык кызматкерди сабоо фактысы боюнча дагы бир кылмыш иши козголгону аныкталды.

Бул эки окуя тең коомчулукта чоң нааразылыктарды жараткан. УКМК тарабынан тергөө иштери уланууда.