
Токмок шаарынын мурдагы мэри Максат Нусувалиев жана аны менен кармалгандар камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматы билдирди.
Чечимди Бишкек шаарындагы Октябрь райондук соту кабыл алган. Бардыгына “Коррупция” беренеси боюнча айып тагылган. Шектүүлөр 24-августка чейин УКМКнын тергөө абагында кармалат.
Эске салсак, 24-июнда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Токмокто өткөн жыйында шаар мэри, Муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси жана эс алуу багын курууга жооптуу курулуш компаниянын аткаруучу директору кармалган. Алар ири суммадагы зыян келтирүүгө шектелип жатышат.