Камчыбек Ташиев КРСУнун Камкорчулар кеңешинин төрагасы болуп шайланды

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Б.Н Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин Камкорчулар кеңешинин төрагасы болуп шайланды. Анын орун басары — Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы, Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Артем Новиков.

Ташиевдин айтымында, анын талапкерлиги күтүүсүз болду.

Жолугушууга Россия президентинин Чет өлкөлөр менен аймак аралык жана маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын жетекчиси Игорь Маслов жана Россиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сергей Вакунов катышты.

Расмий бөлүктөн кийин делегация Кашка-Суудагы КРСУнун жаңы кампусун куруу үчүн Кыргызстан тарабынан бөлүнгөн жер тилкелеринде болушту.

Белгилей кетсек, университеттин ректорун шайлоо 2025-жылдын 27-июнунда өтөт.Сергей Волков 2024-жылдын 14-октябрынан бери ректордун милдетин аткарып келген.