Токмак шаарына жаңы мэр дайындалды

Алтынбек Эргешов Чүй облусунун Токмак шаарынын мэри болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамдын 47-беренесине ылайык кол койду.

Алтынбек Эргешов президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген.