Коопсуздук кызматы Токмок мэри Максат Нусувалиевди жана дагы эки адамды кармады

Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиев жана дагы эки адам УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев менен жолугушуу учурунда кармалды. Бул тууралуу 24.kg агентигине күч түзүмдөрүндөгү булак билдирди. Ташиев жетектеген жыйын бүгүн, 24-июнда Токмак шаардык мэриясынын имаратында өттү.

Тасмада Нусувалиев менен дагы эки кишини күч органдары жетектеп баратканын көрүүгө болот. Маалым болгондой, ага КР Кылмыш-жаза кодексинин эки беренеси боюнча айып тагылган.