Бишкектен Ысык-Көл жана Кант тарапка альтернативдүү жол ачылды

 Чүй облусунда түндүк айланма жолу менен Бишкек – Кант жолун байланыштырган унаа жолго асфальт төшөө иштери аяктады.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, жумуштар “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын №1 Жол куруу башкармалыгы тарабынан аткарылды.

Жалпы узундугу 8 чакырымды түзгөн жолго 7 см калыңдыктагы асфальт катмары төшөлүп, анын астына геосетка коюлду. Ошондой эле жол сызыктары чийилип, унаа кыймылына уруксат берилди.

Белгилей кетсек, бул жумуштар борбор калаанын айланасындагы альтернативдүү маршруттарды жакшыртууга, тыгындарды азайтууга, жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүүгө жана жалпы жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган.

Маалымат үчүн: Аталган жол Бишкек шаарынын кире беришинде жайгашып, түндүк айланма жолу менен Бишкек-Кант жолун байланыштырат (Лебединовка-ГЭС 5 жолуна параллелдүү турат).

Жайкы туристтик мезгилде Ысык-Көл тарапка бара жаткан жана келе жаткан жарандар альтернативдүү маршрут катары колдоно алат.