Бишкекте 2 жаштагы бала 14-кабаттан кулап, чарчап калды

Бишкекте 2 жаштагы бала көп кабаттуу үйдүн терезесинен кулап, чарчап калды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.

23-июнда Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Улан кичи районундагы үйлөрдүн бириндеги 14-кабаттан бала кулап түшкөнү тууралуу билдирүү түшкөн.

Алдын ала текшерүү учурунда, 2023-жылы туулган бөбөктүн 14-кабаттын терезесинен кулап кеткени аныкталган. Оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабастан, көз жумган.

Учурда өлүмдүн так себебин аныктоо үчүн экспертизалар дайындалды.