
Кыргыз Республикасынын аймагынан (Эркечтам-автожолу жана Торугарт-автожолунан тышкары) көмүрдү (ЕАЭБ ТН ВЭД 2701 жана 2702 коддору боюнча классификацияланган) ташып чыгууга убактылуу, алты айлык мөөнөткө тыюу салуу жөнүндө Министрлер кабинети токтом кабыл алды.
Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Документке ылайык, тиешелүү мамлекеттик органдарга токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды белгиленген тартипте көрүү тапшырылды.
Токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет