
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Куттуктоо текстинде төмөндөгүдөй айтылат:
«Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер күнү менен куттуктайм!
Биз мамлекетибизде либертарианствонун таасири басаңдап, Адам Смиттин «мамлекет түнкү кароолчудай болуш керек» деген минималисттик теориясын аксиома катары кабыл албай калган этаптабыз. 2021-жылдын 5-майында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясын кабыл алуу менен биз мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын ролун жана маанисин олуттуу жогорулаттык. Бийликтин вертикалы калыбына келтирилди. Мамлекет көмүскө экономиканы кескин кыскартып, криминалдын бардык түрүнө, анын ичинде биринчи кезекте коррупцияга каршы катаал күрөш жүргүзүү менен улуттук кирешени кайра бөлүштүрүү боюнча өзүнүн функцияларын чындап аткара баштады.
Тарыхый мааниге ээ болгон өзгөртүүлөрдүн бири административдик-аймактык реформа болду. Анын алкагында айыл аймактары ирилешти жана шаарлардын аймактары кеңейди. Бул реформа мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Ошону менен бирге региондордун инфраструктурасын өнүктүрүүгө жүздөгөн миллион сомдон миллиард сомго чейинки олуттуу финансылык жардам берилди.
Адылбек Касымалиев
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын реформасынын дагы бир маанилүү багыты санариптештирүүнү документ жүгүртүүдө, калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө жана бюрократиядан арылууда пайдалануу болду. Зарыл маалымкаттарды берүү мөөнөтү кыскарды бир нече күндүн ордуна азыр бир нече сааттан бир нече секундга чейин убакыт талап кылынат.
Сиздер Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасында аныкталган дымактуу максаттарды ишке ашырууда авангард болосуздар. Өлкө модернизация жолуна түшүп, ишенимдүү илгерилеп баратканда, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат системасы ийкемдүү кесипкөй институт болуп трансформациялануусу ушул программанын ишке ашуусунун негизги фактору болот.
Бул шартта квалификацияны жогорулатуу, жаңы көндүмдөрдү жана компетенцияларды, анын ичинде санариптик көндүмдөрдү өздөштүрүү жана өнүктүрүү боюнча мезгилдин талабын сезип, тынымсыз жана талыкпай иштеген кызматкерлер гана элдин таянычы, мамлекеттин түркүгү боло алышат.
Сиздерге жүктөлгөн миссиянын маанилүүлүгүн терең түшүнүү менен функционалдык милдеттериңиздерди татыктуу аткарып, мамлекеттин кадыр-баркын бекемдейсиздер, жарандардын кызыкчылыктарын коргойсуздар жана өлкөнүн прогрессивдүү өнүгүүсүнө өбөлгө болосуздар деп ишенем.
Биз сиздердин эмгегиңиздерди, ишке берилгендигиңиздерди жана мамлекеттүүлүктү чыңдоого кошкон салымыңыздарды жогору баалайбыз.
Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер!
Ушул салтанаттуу күнү ак ниет кызматыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем. Сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык, жаңы кесиптик ийгиликтерди жана келечекке ишенимдүү көз карашты каалайм.
Сиздердин эмгек канааттанууну, жарандардын урматтоосун жана мамлекетибиздин өркүндөп өсүшүндө реалдуу натыйжаларды алып келсин.
Майрамыңыздар менен!”