Кыргызстанда “Е-Дипломат” мекемеси түзүлүүдө

Тышкы иштер министрлигинин алдында “Е-Дипломат” мамлекеттик мекемеси түзүлдү. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгону 19-июнда жарыяланды.

Мекеменин ачылышы тышкы миграция чөйрөсүндөгү жөнгө салуу системасын, уруксат берүү жана визага байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртат деп көрсөтүлгөн.

Жарлыкка ылайык, мекеменин чыгымы Тышкы иштер министрлигинин эсебинен каралат жана бул үчүн мекемеге жаңы 40 штаттык бирдик кошулат.