
Борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев Көк-Жар айылынын №172 контурунун жер ээлери менен жолугушту.
Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан административдик-аймактык реформанын алкагында жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаментине 1479 арыз түшкөн.
Бүгүнкү күндө 2021-жылдын 1- декабрына чейин 137 объект курулганы аныкталып, учурда бардык тактоо иштери жүрүп жатат. Шаар мэри Октябрь районунун акимине 137 объекттин маселесин тез арада жана учурдагы мыйзамдардын алкагында чечүүнү тапшырды.
Ошондой эле бул аймактагы 18 гектар жер муниципалдык менчикке өткөн. Бул жер тилкеси боюнча маселе мыйзамда белгиленген тартипте каралат.
Буга чейин Октябрь райондук мамлекеттик администрациясы жана Көк-Жар муниципалдык аймактык башкармалыгы тарабынан жер тилкелерин мыйзамсыз курууга жана өз багыты боюнча пайдаланууга жол бербөө боюнча жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн 8 жолу көчмө жыйын өткөрүлүп, анын ичинен 3 жолу атайын техникалар менен уюштурулган. Жалпысынан 200дөн ашык эскертүүлөр берилген.
Тилекке каршы, жер ээлери эскертүүлөргө кайдыгер мамиле жасап, жер тилкелерин мыйзамсыз басып алып, жер тилкелери боюнча максаттуу эмес курулуштарды жүргүзүп жатышат. Алсак, №172 контур боюнча жер тилкелери өз багыты боюнча пайдаланылбайт, архитектуралык-курулуш долбоорлору жана тиешелүү укук белгилөөчү документтери жок. Айыл чарба багытындагы жерлерге уруксаатсыз таяныч дубалдары (фундаменттери) жана турак жай имараттары тургузулган.
super.kg