Оштун мэри үч эмдин ата-энесине убадалаган 3 бөлмөлүү үйдүн документин тапшырды

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев үч эмдин ата-энесине убадалаган 100 чарчы метр болгон, үч бөлмөлүү батирдин документин тапшырды.

Балдардын энеси Исаева Рахат Ош шаарынын тургуну. Жалпы 6 баласы бар, 5 уул 1 кыз. Үч эмди 2022-жылы жарык дүйнөгө алып келген. Учурда балдар 3 жашта. Аларга Алмаз, Аслан, Агнар аттуу ысым ыйгарышкан.