Эрмат Джумаев Талас облусунда медициналык кадр жетишсиздигин чечүү жолдорун талкуулады

Кечээ, 18-июнь күнү Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында КР Президентинин Талас облусу боюнча ыйгарымдуу өкүлү Эрмат Джумаев академиянын ректору, профессор Индира Кудайбергенова баштаган делегация менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өкүлчүлүктун маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушуунун негизги максаты – медициналык билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагында КГМА менен Талас облусунун ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөнүн жолдорун талкуулоо болду. Учурда Талас облусунда медициналык кадрлардын жетишсиздиги олуттуу көйгөй, аны чечүү үчүн конкреттүү чаралар сунушталды. 

“КР Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун колдоосу менен – КГМАнын бүтүрүүчүлөрүнө Талас облусунда иштөө келишимин түзгөн учурда каржылык колдоо көрсөтүүгө даярбыз. Ошондой эле аймактык фонддон ар бир 25 дарыгерге ай сайын үч жыл бою кошумча 40 000 сомдон бөлүнүп берилмекчи жана жаш адистерге турак жай, зарыл жардам көрсөтүүгө бардык мүмкүнчүлүккө ээбиз. Мындан тышкары Талас облусундагы 200 мектеп бүтүрүүчүнү И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында окутуу маселеси каралды”, деп билдирди Эрмат Джумаев.

Эсиңиздерге салсак, Талас облусу боюнча ыйгарымдуу өкүлчүлүгү быйыл облустан мыкты окуган 200 абитуриентти И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына тапшыртып, студенттердин окуу чыгымдары медициналык академияны окуп бүтүргөнчө толук каржылайт.