Президент жаңы министрлерге таза иштөөнү эскертти

Туура эмес иш жасасаңар биз дагы мыйзамга ылайык чара көрөбүз, эч кимге аёо жок, – деди президент Садыр Жапаров бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында ант берген жаңы министрлерге.

“Сиздер бара жаткан министрликтерде ийгиликтүү иштер менен катар жасай турган жумуштар дагы арбын. Муну эл дагы, эл өкүлдөрү дагы көтөрүп, министрлер кабинети көңүлгө алуусун талап кылып келе жатышат. Ушул талапты аткара алышат деп сиздерге ишенип, ушул кызматка дайындап отурабыз. Сиздер ыйык трибуна аркылуу эл үчүн кызмат кылууга ант берип отурасыздар, биздин элибиз берилген антка катуу маани берет. Ошондуктан керт башыңарды ойлобой эл үчүн иштеп бериңиздер”, – деди ал.

Ошондой эле өлкө башчысы жаңы министрлерди айтылган сөздөрдөн жыйынтык чыгарып, ишке киришүүгө чакырды