Кыргыз күрөш боюнча курама дүйнө чемпионатына катышат

Кыргызстандын кыргыз күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү дүйнө чемпионатына катышат.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдеш Татарстандын Казань шаарында 20-23-июнь күндөрү өтөт.

Курама команданын тизмеси:

Эркектер арасында:

– 60 кг Толубай Шүкүров;

– 66 кг Арлен Эстебесов;

– 72 кг Назарбек Космосбек уулу;

– 78 кг Бактияр Кадырбек уулу;

– 84 кг Мыктыбек Өмүрзак уулу;

– 90 кг Азизхан Мусабек уулу;

– 96 кг Асанкелди Нурказым уулу;

– +96 кг Бактияр Мирлан уулу.

Кыз-келиндер арасында:

– 60 кг Бегай Бейшенаалы кызы;

– 66 кг Аземи Камчыбекова;

– +66 кг Айжан Анарбекова.

Курама команда машыктыруучу Азизбек Айтмурза уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.