
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы Ысык-Көл облусунун аймагында туристтик сезон учурунда жол коопсуздугун көзөмөлдөөнү күчөтүүдө. Кошумча чара катары Бишкек шаарынан облуска 52 кызматкер жана 24 кызматтык унаа жөнөтүлдү.
Мамлекеттик жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, кызматкерлер массалык эс алуу жайларында, пансионаттардын, лагерлердин жанында, ошондой эле унаалар көп жүргөн аймактарда кызмат өтөшөт. Алардын милдети — жол тыгындарын жана жол кырсыктарын алдын алуу болуп саналат. Иш туристтик сезондун аягына чейин уланат.