
Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы “Рух ордо” маданий борборунда 1-3-август күндөрү дүйнөлүк “Рух санат” салттуу маданият жана музыка фестивалы өтөт. Бул тууралуу “Рух санат” дүйнөлүк салттуу маданият жана музыка фестивалын уюштуруу жана өткөрүү штабынын башчысы Адила Кермалиева радиолордун бирине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, фестивалдын максаты биринчи кезекте салттуу маданиятты, салттуу музыканы даңазалоо. Салттуу маданияттын менен музыканын нукуралуулугун сактоо жана кийинки муунга өткөрүп берүү.
“Анткени, бул учурдагы актуалдуу көйгөйлөрдүн бири. Кийинки максатыбыз бул эл аралык достукту чыңдоо жана маданият аркылуу достук көпүрөлөрүн түзүү. Ошондой эле туризмдин өнүгүшүнө салым кошуу”,-деди ал.
Кермалиева белгилегендей, фестивалдын алкагында оозеки музыкалык искусствону алып жүрүүчү жеке аткаруучулар жана чыгармачылык топтор арасында эл аралык сынак уюштурулат.
“Сынакка 18 жаштан жогору профессионал-музыканттар катыша алат. Чыгармачылык топтун курамындагылар жеке аткаруучулар арасындагы сынакка катыша албайт.
Ошондой эле фестивалдын алкагында “Салттуу маданият жана искусствону сактоо, өнүгүү маселелери” аталышындагы эл аралык конгресс болот. Анда дүйнө элдеринин оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствосун таанууга жана жайылтууга, салттуу маданият аркылуу этностордун достугун бекемдөөгө, туризмди өнүктүрүүгө, искусствонун түрлөрү менен катар этномузыка жаатындагы илимий изилдөөлөр, долбоорлор үчүн аянтча түзүүгө багытталган баяндамалар жасалат”,-деди ал.