Талас мамлекеттик университетине 5 кабаттуу жаңы кампус курулат

КР Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун тапшырмасы менен Талас Мамлекеттик университетинин эски имараты буздурулуп, жаңы 5 кабаттуу кампус курулат. Бул тууралуу КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Эрмат Джумаев билдирди.

“Талас мамлекеттик университетинде жаңы доор башталуу алдында турат. КР Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун тапшырмасы менен Талас Мамлекеттик университетинин эски имараты буздурулуп, жаңы 5 кабаттуу кампус курулат. Курулуш иштерин ушул жылы баштаганы турабыз, учурда жаңы салына турган имараттын долбоору даярдалууда. Жаңы кампус: Бардык окуу-куралдар менен жабдылат. Жаштар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт.  Аймактын билим берүү деңгээли да жогорулайт.  Убакыт өзгөрөт, дүйнө жаңыланат. Ал эми билим — ар дайым адамды бийиктикке жетелеген күч. Эми болсо ошол талаптарга жооп берген, келечек муунга кызмат кыла турган жаңы окуу жайы курулат. Талас билим менен бийиктейт”, деген Эрмат Джумаев.

Талас мамлекеттик университети — Талас облусундагы жогорку билим берүүчү алдыңкы окуу жайлардын бири болуп саналат. Бул университет облус тургундарына жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгүн берип, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө чоң салым кошуп келет.

Талас мамлекеттик университети 1994-жылы түзүлгөн. Ал совет мезгилинен бери иштеп келген Талас педагогикалык окуу жайынын базасында уюштурулган. Ал эми бул педагогикалык окуу жай 1930-жылдары эле өз ишин баштаган. Ошентип, университеттин билим берүү тармагындагы тарыхы 90 жылдан ашуун убакытты камтыйт.