
Бизнесиңизди эл аралык деңгээлге чыгаргыңыз келеби? АКШда компания ачып, ишиңизди кеңейтүүнү кыялданасызбы? Анда АКШдан келген тажрыйбалуу иммиграциялык адвокат Манас Муратбеков катышкан конференцияны өткөрүп жибербеңиз.
Манас Муратбеков — АКШда лицензиясы бар иммиграциялык адвокат жана Майами шаарындагы Muratbekov Law Firm юридикалык фирмасынын негиздөөчүсү.
Ал бизнес жана инвестициялык иммиграция боюнча адис. Көбүнчө КМШ өлкөлөрүнөн келген ишкерлер менен иштейт. 10 жылдык тажрыйбасынын ичинде дүйнө жүзү боюнча жүздөгөн бизнесмендерге АКШга көчүүгө жардам берген.
Конференцияда сиз төмөнкү маалыматтарды ала аласыз:
— АКШ рыногуна мыйзамдуу түрдө кантип чыгууга болот;
— Кыргызстандын ишкерлери үчүн кандай визалар ылайыктуу;
— Бизнес жана инвестициялар аркылуу грин-карта алуунун мүмкүнчүлүктөрү;
— Визаларды алуудагы мөөнөттөр, талаптар, этаптар жана тобокелчиликтер;
— $100 миңден башталган инвестиция менен Е-2 визасын кантип алса болот;
— Эмне себептен L-1 визасы АКШда компаниянын филиалын ачуу үчүн эң жакшы жол болуп саналат;
— EB-5 — АКШ экономикасына инвестиция салуу аркылуу грин-карта алуу;
— Юридикалык тобокелчиликтерди кантип азайтуу керек.
АКШга бизнес-иммиграция боюнча алдыңкы эксперттен актуалдуу маалымат жана баалуу сунуштарды алуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз!
Конференцияга катталуу үчүн шилтемеге өтүңүз.