
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жарандарды радикалдык такфиризм-жихадизм агымына үгүттөгөн диний топтун мүчөлөрү кармалганын билдирди.
Атайын кызмат 16-июнда тараткан маалыматта тергөөнүн жүрүшүндө бул топтун мүчөлөрү радикалдык-экстремисттик көз караштарды жайылтуу менен алектенип, өз чөйрөлөрүндө үгүт иштерин жүргүзгөнү аныкталган. Зордук-зомбулукка чакырыктарды камтыган материалдарды таркатып, башка диний агымдардын жана диндердин өкүлдөрүнө каршы үгүттөшкөн.
Соттун 11-июндагы чечими менен Бишкек шаарындагы он даректе тинтүү жана башка иш-чаралар жүрүп, он киши УКМКга жеткирилген.
“Жыйынтыгында катталбаган диний адабияттар, экстремисттик символикалар, бир ок атуучу граната, ар кандай маркировкалары бар үч патрон, бир жылмакай мылтык, бир страйкбол куралы (м16/М4 автоматынын аналогу), бир сигналдык тапанча, эки пневматикалык тапанча, акча каражаттары, бычактар, кылыч, байланыш каражаттары, радикалдуу мазмундагы аудио – жана видеоматериалдар алынды”, – деп жазылган маалыматта.
Жыйынтыгында, чет мамлекеттин жараны У.Д.А. жана кыргызстандык Л.Д.В. кармалып, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 тергөө абагына киргизилди.
Ал эми УКМКга жеткирилген башка адамдар тергөө амалдары жана алдын алуу иштери жүргүзүлгөндөн кийин коё берилген.