
Иранда Израилдин соккуларынан 220 адам каза болгон, алардын 70тен ашыгы аялдар жана балдар. Бул тууралуу Иран ТИМинин өкүлү Исмаил Багаиге шилтеме жасап РИА Новости жазды.
Анын айтымында, Израиль соккулар жай тургундарга жасалган жок деп жалган маалымат таратып жатат.
“Аныгында агрессор режим аялдарга жана балдарга атайылап чабуул коюуда. Жапайычылык — алардын табияты”, — деп жазды Багаи Х социалдык түйүнүндөгү баракчасына.
Иран ТИМинин дагы бир өкүлү Саид Хатибзаде Израилдин соккусунан ТИМдин имараты жабыркап, бир нече кызматкер жана жай тургундар жаракат алып, ооруканага жеткирилгенин билдирди.
Ал эми Ирандын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Хосейн Керманпур акыркы үч сутканын ичинде 1500гө жакын киши жаракат алып, 220дан ашуун адам көз жумганын билдирди. Жабыркагандардын 90 пайыздан көбү жай тургундар. Булардын арасында Ислам революциясынын сакчылар корпусунун чалгын кызматынын башчысы Мохаммад Каземи жана анын орун басары дагы бар экени тастыкталды.
Эскерте кетсек, Израиль менен Ирандын ортосундагы кандуу кагылыш 13-июнь түнү башталган. Анда Израиль Ирандын өзөктүк программасына каршы чабуул коюп, Иран буга жооп берип жатат. Эки тарап тең жоготууларга учурап жатканы кабарланууда.