
Бишкекте бул жумада табы +39 градуска жеткен ысык аба ырайы күтүлөт.
Алсак:
- дүйшөмбү- 16-июнь: күн ачык болот, күндүз +34…+36°C, түндө+19…+21°C;
- шейшемби – 17-июнь: күн ачык болот, күндүз +35…+37°C, түндө+20…+22°C;
- шаршемби -18-июнь: күн ачык болот, күндүз +37…+39°C, түздө+22…+24°C;
- бейшемби – 19-июнь: күн ачык болот, күндүз +35…+37°C, түндө +22…+24°C;
- жума – 20-июнь: ала булат каптайт, күндүз +31…+33°C, түндө +20…+22°C;
- ишемби, 21-июнь: күн ачык болот, күндүз +33…+35°C, түндө+18…+20°C;
- жекшемби – 22-июнь: ала булут каптайт, күндүз+33…+35°C, түндө +19…+21°C
Метеорологдор абанын күндүзгү жогорку температурасы адамдардын, өзгөчө кары-картаңдардын жана өнөкөт оорулардан жапа чеккендердин саламаттыгына терс таасирин тийгизерин эскертет. Күндө көпкө жүрүүдөн сактануу, сууну көбүрөөк ичүү жана күндөн коргоочу кремдерди колдонуу сунушталат.