Борбор калаада III Бишкек Эл аралык кинофестивалы аяктап, жеңүүчүлөр аталды

Бишкек шаарынын Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз опера жана балет театрында аталган кинофестивалдын расмий жабылыш аземи өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Азем Бишкек мэриясынын камералык оркестринин концерти менен ачылды. Оркестр «Венздей», «Спрут», «Крестный отец» «Звездные войны», «Пираты Карибского моря», «Рокки» аттуу тасмалардын саундтректерин аткарды.

Концерттик бөлүктөн кийин экрандан фестивалдын расмий интросу жана бир нече күнгө созулган иш-чаранын жүрүшүн чагылдырган видео-ролик көрсөтүлдү.

Мындан соң, үч сынактын — Эл аралык, Борбор Азия жана KyrgyzBox багытындагы тасмалардын жеңүүчүлөрдун ысымы аталып, байгелер тапшырылды.

Калыстар тобу тасмаларды режиссёрлук, актёрдук чеберчилик, көркөмдүк жана визуалдык дизайн сыяктуу критерийлер боюнча баалашканын айтышты.

Эл аралык конкурсунун жеңүүчүлөрү:

Жалпы сыйлык фонду: 1 500 000 сом

— Мыкты оператордук иш — «Качкын» — Болсунбек Таалайбек уулу;

— Мыкты актёрдук иш — «Водитель города тишины» — Тувшинбаяр Амартувшин;

— Мыкты режиссёр — Сэнгэдорж Жанчивдорж — «Водитель города тишины»;

— Гран-при, мыкты фильм үчүн — «Крик тишины» — Те Мо Наинг.

KyrgyzBox конкурсунун жеңүүчүлөрү:

— Мыкты фильм — «Ашыгым» — Руслан Акун, Азиза Кхалбекова, Манас Калдаров;

— Мыкты режиссура —”Өч” — Илгиз Куватбек жана Шамилбек Бекбосун уулу;

— Мыкты актёрдук иш — “Аяш 4«— Динара Багышпаева;

— Мыкты оператордук иш— «Күрөш» — Нурбек Мамбетисаев.

Борбор Азия конкурсунун жеңүүчүлөрү:

Жалпы сыйлык фонду: 1 500 000 сом

— Гран-при, мыкты фильм үчүн — «Мерген» — KyrgyzFilm студиясы, CityLab Production, Чынгыз Нарынов

— Мыкты режиссура —”Joqtau”— Аруан Анартай;

— Мыкты актёрдук иш —”Авель” — Ерлан Толеутай;

— Мыкты сценарий — «От» — Дастан Мадалбеков жана Айзада Бекбалаева.

Эл аралык сынактын мыкты тасмасына сыйлыкты Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев тапшырды.

Ошондой эле, белгилүү кино сынчылар уюму FIPRESCIнин 100 жылдыгына арналган видеоролик көрсөтүлүп, андан соң бул уюм тарабынан тандалган мыкты фильмге сыйлык тапшырылды. Ошондой эле, FIPRESCI уюмуна Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин ыраазычылык каты берилди.

Аталган фестиваль катышуучулар үчүн жаңы дем, жаңы чыгармачылык пландар менен аяктап, кыргыз жана дүйнөлүк кино тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүүчү маанилүү аянтча болуп калды.