Бүгүн Бишкекте Жаш Гвардия бульварынын бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылат

Бүгүн, 16-июнда Бишкекте Жаш Гвардия бульварынын бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.


Учурда Чүй проспектисинен Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө чыгыш тарапта унаа кыймылы жанданганы такталды.

Мындан тышкары Медеров көчөсүнүн Юнусалиев көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылууда. Ошондой эле бул жерде жолду капиталдык оңдоонун алкагында жүргүзүлө турган аялдамаларды, жарыктандырууларды, ирригациялык системаларды иретке келтирүү иштери улантылат.

Азырынча Медеров көчөсүнүн Жукеев-Пудовкина көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жана Жаш Гвардия бульварынын Бөкөнбаев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин чыгыш тарабы жабык бойдон калууда.