
АКШ 36 өлкөнүн жарандарына виза берүүгө тыюу салууну караштырууда. Бул тууралуу The Washington Post гезитине шилтеме кылып РИА Новости жазды.
Басылма Мамлекеттик департаменттин ички документтерине таянып кара тизмеге Африканын 25 мамлекети, Борбор Азия өлкөлөрү (Кыргызстан да бар), Кариб аралдары жана Тынч океандагы өлкөлөр кириши мүмкүн экенин жазды.
Документке АКШ Мамдепартаментинин башчысы Марко Рубио кол коюп, ал дипломаттарга жөнөтүлгөнү айтылган. Анда аталган өлкөлөргө жаңы талаптарды аткарууга 60 күн берилгени, бирок алар аны аткара албаганы белгиленген.
Белгилей кетсек, Трамп 4-июнда Афганстан, Чад, Конго, Экваториялык Гвинея, Гаити, Сомали жана Иран баштаган 12 өлкөгө виза берүүнү толугу менен токтоткон. Ошондой эле Түркмөнстан, Куба жана Венесуэла сыяктуу жети өлкөгө чектөөлөр киргизилген.