
Талас шаарындагы “Кыргызпочтасы” ААКтын имараты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызмат тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген кыймылсыз мүлк объекттерин аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Талас шаарынын борборундагы 0,14 га аянттагы имараттар мамлекеттин балансына кайтарылды.
Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгында жогоруда көрсөтүлгөн объект “Б” категориясындагы (маанилүү объектилер) стратегиялык объект экендиги аныкталган. Ушуга байланыштуу жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды.
Азыркы учурда имараттар Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүлүп берилди.