
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 14-15-июнь күндөрү туруксуз аба ырайы тууралуу эскертүү таратты.
Гидрометеорология кызматынын маалыматы боюнча, жакынкы күндөрү республикада туруксуз аба ырайы күтүлөт, өзгөчө тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
«Бул күндөрү тоолуу аймактарда, дарыя жээктеринде эс алуудан алыс болуңуздар.Кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдарга кабылсаңыз токтоосуз 112 кызматына билдириңиз. Чалуу акысыз, күнү-түнү кабыл алынат», — деп айтылат билдирүүдө.