Садыр Жапаров Индия бийлигине учак кырсыгына байланыштуу көңүл айтты

Садыр Жапаров Индиянын премьер-министри Нарендра Модиге Ахмедабадда жүргүнчү ташыган учактын кыйрашына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

«Индия Республикасынын Ахмедабад шаарындагы авиакырсыктан улам адамдардын курман болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына кайгыруу мененкөңүл айтып аза кайгысын тең бөлүшөм.

Жабыр тарткан жана жаракат алган адамдардын тез арада сакайып кетишин каалайм», — деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.