Жогорку Кеңештин төрагасы Казакстандын президенти менен жолукту

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Астана шаарында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолукту.

Парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришкендей, жолугушуу ТүркПАга мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилеринин жыйынына катышуунун алкагында өттү.

Тараптар боордош элдердин саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакасын чыңдоодо парламенттердин ролу тууралуу сүйлөшүп, аталган багытта тыгыз иш алып баруу маселесин талкуулашты.

Эскерте кетсек, ТүркПАнын кезектеги жыйындары быйыл Казакстанда өтүүдө.